Ссылки доступа

Каримов Өзбекстанда элдин жашоосу жакшыра турганын айтты


Өзбек президенти Ислам Каримов жаңы жылдык кайрылуусунда 2016-жылы айлык, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр 15 пайызга көтөрүлөрүн убада кылды.

Анын айтымында, алдыда Өзбекстан глобалдык каржы жана экономикалык каатчылыктан өтүүгө тийиш. Ошондой эле террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга туруштук бериши керек.

“Бул көйгөйлөргө карабастан жаңы жылда экономиканын өсүшү 7,8 пайызга жетип, калктын жалпы кирешеси 9,5 пайызга көбөйөт. Социалдык тармактын чыгашалары жогорулап, жалпы чыгашанын 60 пайызын түзөт”, - деген божомолдору менен бөлүштү Каримов.

Президентин айтымында, 2015-жылы экономикалык жана каржы каатчылыгына карабастан өлкө экономикасы 8 пайызга өсүп, айлык, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр 21,9 пайызга көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG