Ссылки доступа

Түркия Орусиянын үстүнөн Дүйнөлүк соода уюмуна арызданат


Түрк бийлиги Орусиянын экономикалык санкция киргизишине байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууну көздөөдө.

Азыр тиешелүү документ даярдалып жатат. Бул тууралуу Daily Sabah гезитине Түркиянын экономика министри Мустафа Элитас билдирди.

Анын айтуусунда, Анкара Москваны Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузган деп айыптоодо. Чектөөлөрдөн жапа чеккен компаниялардын укуктарын сотто коргоо үчүн керектүү далилдер топтолууда.

Министр соодада “моралдык сапат” болушу керектигин белгиледи. Анткени, түрк ишкерлери орус бийлигине ишенип, чоң суммадагы каражаттарын салган. Мустафа Элитас Орусия менен алаканы ар кандай божомолдонгон аба ырайы менен салыштырып, күн бүркөлгөн кезде Кремль эл аралык жоболорго көңүл бурбай турганын айтты.

Орусиянын Түркияга каршы экономикалык санкциялары 1-январда күчүнө кирди. Орус жергесине жашылча-жемиштерди, эт азыктарын киргизүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары түркиялык ишкерлерге курулуш, архитектура жана туризм тармактарында иштөөгө бөгөт коюлду. Эки мамлекеттин мамилеси Түркия Орусиянын Су-24 согуштук учагын атып түшүргөндөн кийин кескин солгундап кетти. Окуя былтыр ноябрдын этегинде Сирия менен Түркиянан чек арасында болду.

XS
SM
MD
LG