Ссылки доступа

Кыргызстанда 1-февралдан тартып SIM-картаны каттатпагандардын телефону өчүрүлөт


Байланыш агенттигинин маалыматына караганда, SIM-картаны мурда сатып алган бардык абоненттер 31-январга чейин өз уюлдук оператору менен келишим түзүш керек.

Болбосо 1-февралдан тартып тейлөө токтотуларын эскертүүдө.

Өкмөт коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу максатында 2014-жылы SIM-картаны милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү боюнча токтом кабыл алган.

Байланыш агенттигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдын декабрь айына карата 354 абонент каттоодон өтө элек. Расмий маалымат боюнча, азыр өлкө ичинде 7,5 миллиондон ашуун SIM-карта колдонууда.

XS
SM
MD
LG