Ссылки доступа

Швеция менен Дания миграциялык агымдан улам чек ара көзөмөлүн күчөттү


Дания өкмөтү 4-январдан тарта чек арада убактылуу көзөмөл күчөтүлө турганын жарыялады.

Премьер-министр Ларс Лёкке Расмуссен билдиргендей, бул чара Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттардын токтобой жатканына байланыштуу киргизилди. Чек ара он күнгө жабылып, зарылчылык туулса дагы узартылышы мүмкүн. Ошол эле күнү Швеция дагы мигранттар агымына байланыштуу Дания менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү.

Швед өкмөтү качкындар маселеси улам татаалдашып баратканын билдирген. Ал арада Германия бийлиги Дания менен Швециянын бул кадамын сындап, алар Шенген аймагын кооптуу абалга түртүп жатканын белгиледи. 2015-жылдын күз айларынан бери Сирия, Ирак жана Ооганстандан качып, Европага баргандардын саны миллиондон ашып кетти. Швеция 160 миң, Дания 18 миң мигрантка башпаанек берген.

XS
SM
MD
LG