Ссылки доступа

ИМ согушкерлери Ливиядагы мунай портторуна чабуул жасашты


Ливиянын түндүгүндөгү Эс-Сидр жана Рас-эл-Ануф шаарындагы порттор дүйшөмбүдө террорчулардын чабуулуна кабылды.

Бул жерлерден мунай экспорттолуп турчу. Эс-Сидрда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун согушкерлери менен коопсуздук күчтөрдүн кагылышуусунан ондогон террорчу жок кылынганы кабарланууда. Ошондой эле күзөт кызматынан эки адам мерт кеткен.

Согушкерлер мина толтурулган эки унааны жардырганы, күйүүчү май куюлган идишке снаряд тийгени, өкмөттүк аскерлер террорчуларды сүрүп чыгарганы да маалымдалды.

France-Presse агенттиги билдиргендей, Рас-эль-Ануф шаарына да чабуул жасалды. Ливиянын жээктериндеги Сирт шаарын көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бир нече жумадан бери чыгышты көздөй жылып, өлкөдөгү маанилүү мунай объектилерин басып алууга умтулууда.

XS
SM
MD
LG