Ссылки доступа

Орусияда ксенофобиядан былтыр 9 адам каза болду


"Интерфакс" агенттиги “Сова” укук коргоо борборуна таянып кабарлагандай, улуттук жек көрүүчүлүктөн улам өткөн жылы 9 адам каза таап, кеминде 68 киши жараат алды.

Укук коргоочулар бул жаатта Орусиянын 17 аймагында изилдөө жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында зомбулук көп катталгандардын көч башында Москва шаары турары белгилүү болгон. Кийинки орунга Петербург илинген.

Ошондой эле Москва, Самара, Новосибирь облустарында да ксенофобияга байланышкан кылмыштуулук жогору экени, Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмүнөн баргандар көп кол салууга кабылары аныкталган. "Сова" укук коргоо борбору Орусиядагы ксенофобия, улутчулдук жана диний жек көрүү көйгөйүн иликтейт.

XS
SM
MD
LG