Ссылки доступа

Тажикстан жарандык документтерге апостиль жазууга киришти


Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Гаага конвенциясына кошулгандан бери жарандык документтерге алгач ирет апостиль жазылды.

Бул жобо чет элде расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарат.

Мындай биринчи эреже 2015-жылдын 30-декабрында Некруз Оймахмадовдун документине жазылды. Министрликтин Башкы консулдук башкармалыгынын жетекчиси Бахром Холназаров муну тарыхый окуя катары баалап, апостиль алган жаранга куттуктоо жолдоду.

Апостиль –расмий документке басыла турган мөөр. Аны менен жарандар башка мамлекеттерге барганда консулдуктан каттоодон өтпөйт. Тажикстан Гаага конвенциясына былтыр 20-февралда кошулган. Бул багыттагы жобо 31-октябрда күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG