Анын негизинде бүгүн эртең менен Кыргызстандан чыгып кетти.
31-декабрда Кумтөр кенинде иштеген Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту малдын уяттуу мүчөсүнө салыштырган. Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү аны кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышкан.
2-январда “Манас” аба майданынан кармалган Макфит "улуттук баалуулуктарды басмырлады" деген негизде Каракол шаардык прокуратурада сурак берип, кайра бошотулган болчу. Кийин Макфит жазган билдирүүсү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Бул ишти облустук милиция териштирди.