Ссылки доступа

Данфорд: Орусиянын аракети көйгөй жаратууда


АКШнын Штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд Орусиянын кадамы Америка жана анын өнөктөштөрүнө олуттуу көйгөй туудуруп жатканын билдирди.

Ал Кремлдин НАТОнун кеңейиши жана бекемделиши Орусияга коркунуч жаратат деген кооптонуусунун негизинде даярдалган улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясына байланышкан суроого жооп берип жатып, муну туура эмес ой катары сыпаттады.

Генерал өзөктүк жана башка курал-жарактардын бар экенин эске алганда, Москва Америка менен анын өнөктөштөрүнө кооптуу деген бүтүмгө келгенин кошумчалады. Орусиянын Украина, Крым жана Грузия боюнча саясаты Вашингтонду Москванын согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу мамиле менен кароого мажбур кылууда.

Данфорд өткөн жылдын октябрында АКШнын Штаб башчыларынын бирдиктүү комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Андан бери Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов менен эки ирет кезигип, баарлашкан. Мындан ары да орусиялык кесиптештери менен тыгыз байланышта болууга аракеттене турганын айтты.

XS
SM
MD
LG