Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы “Азаттыкка” билдирди. Андагы маалыматтарга таянсак, жалпысынан 2015-жылы 31 миңден ашык аба мейкиндигин бузган учурлар катталса, анын 490унда Украинанын мамлекеттик чек арасы бузулган. 240 учурда Орусиянын учкучсуз учактары муну ишке ашырган. Натыйжада Украинанын зениттик-ракеталык күчтөрү 14 дронду жок кылган.
Буга чейин Киев тарап орусиялык дрондор Украинада чалгындоо операциясын жүргүзүп жатканын жарыялаган эле. Алардын көмөгү менен жикчилдер артиллериялык ок атууларды көзөмөлдөп турган болушу ыктымалдыгын айткан.
Былтыр февралда украиналык аскерлер Донбасста атып түшүрүлгөн Орусиянын "Орлан-10" үлгүсүндөгү учагын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүшкөнү белгилүү.