Ссылки доступа

Орусиядан Казакстанга С-300 ракета системалары берилди


Орусия Казакстанга С-300 зениттик-ракеталык системасын өткөрүп берди.

Бул тууралуу орусиялык жана казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады. Анткен менен бул каражаттарды техникалык жактан кароо иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Орус коргоо министри Сергей Шойгу Казакстанга берилген зениттик-ракеталык жабдыктар кайтарылбай турганын, алар атайын долбоордун негизинде толук өткөрүлгөнүн билдирди. Бирок жабдыктардын үчөө али бериле электиги, экөө оңдолуп жатканы кабарланууда.

КМШ өлкөлөрүндө абадан коргонуу багытында Бирдиктүү система тууралуу келишимдин бар экенине карабай, Орусия эки тарактуу кызматташтыктарды күчөтөрүн айтууда. Мындай макулдашуу батыш тарапта Белорус менен, түштүк-чыгышта Казакстан менен түзүлгөн. Октябрда болсо орус өкмөтү Армения менен абадан коргонуу системасын негиздөө тууралуу келишимди колдогон. Кыргызстан, Тажикстан менен да бул жаатта алака түзүүнү максат кылууда.

XS
SM
MD
LG