Ссылки доступа

Ташкенде милиция үй-бүлөлүү кумсаны катуу сабап салды


Өзбек милициясынын кумсаны жана анын көңүлдөштөрүн аеосуз сабаганы тартылган тасма интернетте кызуу талкууланууда.

Видеотасма “Азаттыктын” өзбек кызматына келип түшкөн. Анда сойкуканалардын бириндеги милициянын рейди учурунда жарандык кийим кийген опер-кызматкер жана аймактык инспектор кумса менен анын жанында көңүл ачып жаткан эки адамды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, ур-тепкиге алганы көрсөтүлөт. Аялдын ич кийимин кийген кумса жан соога сураганы, үй-бүлөсү бар экенин айтып, кое берүүнү өтүнгөнү жазылып калган. Бирок милиция кызматкерлери анын суранычына макул болбой, кумсаны бетке тээп, ошол кейпинде милиция бөлүмүнө алып барып камай турганын айтышкан. Анын жанындагы шериктери да сабалган.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, рейд Ташкендин Чиланзар районунда өткөрүлгөн.

Бул тасма Өзбекстанда зомбулукту гана көрсөтпөй, жаштар арасында адаттан тыш сексуалдык ориентациядагылардын бар экенин тастыктады. Мыйзам боюнча бул үчүн жарандар жоопкерчиликке тартылат. Ошол эле маалда милиция кызматкерлерине кумсаларга зомбулук көрсөткөнгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG