Ссылки доступа

Эмомали Рахмон умрага барып келди


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сауд Арабияга сапары учурунда үй-бүлөсү менен кичи ажылык зыярат кылып кайтты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, президент ушуну менен Каабага экинчи ирет кирип, эки рекет намаз окуду.

Ажылык жана умра – ислам дининдеги негизги милдеттердин бири. Ажылык жыл сайын атайын бир мезгилде болуучу сапар. Ал эми умра – кичи зыярат деп саналат. Анда Меккеге барып, тиешелүү жөрөлгөлөрдү аткаруу керек.

XS
SM
MD
LG