Ссылки доступа

Ооганстанда талиптерге каршы операция уланууда


Америкалык бир аскер мерт кетип, бир нечеси жараат алганы кабарланууда.

Операция Ооганстандын Гилменд провинциясынын Маржа шаарында АКШ күчтөрүнүн колдоосу менен өтүүдө. Жараат алган жоокерлердин арасында оогандыктар да бар экени айтылып жатат. Баш калаа Кабул шаарында 5-январь күнү күчтүү жардыруу болду. Бирок анын кесепети жана курмандыктар тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Күч органдары билдиргендей, унаага орнотулган бомба жарылган. Жардыруу чет мамлекет элчиликтери жайгашкан райондо болгон. Дүйшөмбүдө Кабулда дагы эки жардыруу болуп, ондогон адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG