Ссылки доступа

Кыргызстанда калктын 20 пайызы гана Интернет колдонот


Өлкөдө элдин 25 пайызы Интернетке туташкан.

Бирок анын 20 пайызы гана колдонуучу болуп саналат. Бул тууралуу Internet Society эл аралык уюмунун Кыргызстан боюнча иликтөөсүндө айтылат. Андагы маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч коңшу мамлекеттерге караганда аз.

Борбор Азияда дүйнөлүк желенин жайылышы боюнча Кыргызстан Тажикстан менен Түркмөнстанды гана артка калтырат. Буга Интернетке болгон баа жана элдин суроо-талабынын анча жоктугу себеп, деген тыянак чыгарылды. Аталган уюм жыл сайын дүйнөдөгү интернет колдонуучулардын абалын иликтеп турат.

Борбор Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп Кыргызстан изилдөөгө алынды. Өлкөдө шаарларда провайдерлер менен уюлдук компаниялардын кызматы дээрлик бирдей колдонулса, айылдарда негизинен чөнтөк телефондун интернети жеткиликтүү. Жарандардын көбү социалдык тармактарга киришет.

XS
SM
MD
LG