Орусия НАТОну кеңейтүү жана бекемдөө аракети өз коопсуздугу үчүн коркунуч алып келерин билдирген. Мындай кооптонуунун негизинде улуттук коопсуздук боюнча стратегияны жаңылап, ага 31-декабрда президент Владимир Путин кол койгон эле.
Орус бийлиги Батыштын аракети Орусиянын кызыкчылыктарын коргоодо терс таасирин тийгизет, деген пикирди карманууда. Лунгеску шейшембиде мындай көз карашты негизсиз деп атады.