Мындай кадамга жергиликтүү тарыхчылар жана активисттер каршы чыгышкан.
Макала чыккандан кийин Анжыянга адистерден жана аткаминерлерден турган атайын өкмөттүк комиссия жиберилген. Маданият жана спорт боюнча министрликтин алдындагы Маданий мурастарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдусафий Рахмоновдун айтымында, комиссия мунараны ордунда калтыруу чечимин кабыл алды.
Азыр «Жами» тарыхый-архитектуралык комплексинин жанында илинген фонтандын үлгүсү да алынды.