Ссылки доступа

Украина Орусиянын үстүнөн БУУнун эл аралык сотуна даттанат


Киев Москваны террорчулукту колдоду деп айыптоодо.

Бул багыттагы эл аралык конвенцияны бузду, деген негиз менен БУУнун эл аралык сотуна арыз менен кайрылууну көздөп жатат. Мындай маалыматты өлкөнүн укук министри Павел Петренко жергиликтүү «5-каналга» билдирди.

Министрдин айтуусунда, керектүү далилдер топтолду. Эми орус тарап менен сотко чейинки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан кийин эл аралык инстанцияга арыз жолдойт.

Былтыр жайында Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Москвага каршы далил топтоо үчүн дүйнөлүк эң күчтүү адистерди табууну тиешелүү мекемеге табыштаган. Украина Кремлди Крымды аннексиялап алган, Донбасстагы жаңжалды козуткан, курчуткан, өздөрүн Донецк, Луганск республикалары деп жарыялап алган жикчилдерге аскердик колдоо көрсөткөн деп күнөөлөөдө. Орусия болсо өз дарегине айтылгандар менен макул эмес. Крым жалпы элдик добуш берүүнүн натыйжасында Украинанын курамынан чыкканын, элдин чечими мыйзамдуу болгонун кайталап келет.

Буга чейин Киев Адам укуктары боюнча Европа сотуна да Орусиянын үстүнөн бир нече ирет арыз менен кайрылган. Украин тарап Крымдагы жана өлкө чыгышындагы окуялардан тышкары, крым-татарлардын башчысы Мустафа Жемилевдун укуктарынын бузулганына, режиссер Олег Сенцовго чыгарылган соттун өкүмүнө нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG