Буга чейин Түркиянын Унаа министри Бинали Йылдырым орус тарап эл аралык жоболорду бузуу менен каттамдары 13-январга чейин токтотулган аталган аба компаниясынын мүчөлөрүнө виза ачпай жатканын жарыялаган болчу. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо Стамбулдагы консулдукка 6-январда гана визага байланыштуу арыз келип түшкөнүн айтууда. Ошондой эле 14-январга чейин Орусиядагы ишмердиги токтоп турган Onur Air компаниясы өз кызматкерлерине виза сурай электигин маалымдады.
Орусия 1-январдан тарта Түркия менен визасыз каттамды жокко чыгарган. Буга Түркия Сирия менен чектеш аймакта орусиялык согуштук учакты атып түшүргөнү негиз болгон.