Ссылки доступа

Кыргызстанда насыялардын пайызы азайары күтүлүүдө


Бул тууралуу Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун жетекчиси Талант Султанов билдирди.

2015-жылдын декабрында Moody's агенттиги Кыргызстандын абалына туруктуу деген баа берген. Талант Султанов мындан улам насыялардын пайызы азайары болжолдонуп жатканын айтты. Буга чейин Кыргызстан эл аралык инвесторлор үчүн тобокелдик жогору жана кооптуу делген мамлекеттердин бири катары саналчу. Ошондуктан, алар салган каражаттан көбүрөк пайыз сурап келген.

Эми Moody's агенттигинин баасынын натыйжасында бул жагдай өзгөрө турганы күтүлүүдө. Анткени, тышкы инвесторлор банктар менен каржы институттарына аз пайыз менен акча берсе, алар да элди жана ишкерлерди арзан насыя менен камсыздайт. Кыргызстанда азыркы тапта насыялардын эң жогорку чени 28 пайызга чейин. Айрымдар 36 пайызга чейинки үстөк менен беришет.

XS
SM
MD
LG