Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: 2016-жылы Кыргызстанда экономикалык өсүш 4,2 пайыз болот


Аталган банктын болжолу боюнча быйыл жалпысынан дүйнөлүк экономика артка кетиши ыктымал.

Кыргызстанда 4,2 пайыз, ал эми 2017-жылы 3,4 пайызды түзгөн өсүш болору күтүлүп жатат. Евразия экономикалык биримдигине мүчө башка мамлекеттердин ичинен 2016-17-жылдарда Арменияда 2,2% жана 2,8%; Беларуста 0,5% жана 1%; Казакстанда - 1,1% жана 3,3% өсүш болору божомолдонуп жатат.

Ал эми Орусиянын экономикасынын төмөндөө темпи 0,7 пайызга чейин кыскарат деп айтылды. Өткөн жылы бул көрсөткүч 3,8 пайыз болгон. Орус экономикасы кийинки жылда гана калыбына келиши мүмкүн. Банк өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн экономикалык маселелери жакырчылык менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтерди жокко чыгарышы мүмкүн деп эскертти.

XS
SM
MD
LG