Ссылки доступа

Рахмондун ажылык сапары кызуу талкууланууда


Тажик президенти Эмомали Рахмондун Сауд Арабиядагы сапарынын алкагында кичи ажылык зыярат кылганы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Талдоочулар муну менен тажик бийлигинин динге карата катаал саясаты жумшарабы деп суроо салып жатышат. Эмомали Рахмон 4-январда Сауд Арабияга болгон сапары учурунда үй-бүлөсү менен Меккеге барып, умра, тактап айтканда кичи ажылык зыяратын аткарып кайтты. Ыйбадат кылган учурда кийүүчү кийим менен түшкөн убагы, намаз окуп, тиешелүү жөрөлгөлөрдү аткарганы тартылган сүрөт жана видеолор интернетте кеңири тарады. Бул сапар Тажикстанда коомдун бир бөлүгү бийликти дин тутуу эркиндигин чектеп жатат, деп сындап жаткан учурга дал келди.

Айрым жарандар өкмөттү эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат деп сынга алышууда. Кээ бирлер ажылык зыярат тууралуу видеолорду таратуу менен Эмомали Рахмондун социалдык беделин көтөрүү аракети көрүлүп жатканын жоромолдошууда. Алар соңку убакта саясий жана диний катаал саясаттын натыйжасында өлкө башчынын аброю төмөндөп кетти, дешет. Расмий Дүйшөмбү акыркы жылдары светтик мамлекеттүүлүктү коргоо багытында иш-аракетин күчөтүп, динаятчыларды катуу кысымга ала баштаган. Ушул тапта өлкөдө 18ге толо элек жарандарга мечиттен намаз окууга тыюу салынган. Ошондой эле диний кийимдерге де чектөө киргизилген. Сакалчан адамдар да куугунтукталып жатканы белгилүү. Бийлик Ооганстанга жакын жайгашуу жана калктын басымдуу бөлүгүнүн динге ашкере берилип кетишинен улам туруксуздуктун алдын алуу чарасы көрүлүп жатканын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG