Ссылки доступа

Өзбекстанда интернеттин ылдамдыгы жай бойдон калууда


Өлкөнүн бийлиги жарым жылдан бери интернеттин ылдамдыгы төмөн болуп жаткандыгынын себебин азыркыга дейре түшүндүрө элек.

Жергиликтүү IT эксперттер буга атайын кызматтын бардык траффикти көзөмөлдөө аракети түрткү бергенин боолгоп жатышат. Өзбекстанда интернет 2015-жылдын июнунан тарта начарлай баштаган. Көптөгөн видео-хостингдер жана чет элдеги мигранттардын туугандары менен байланыш каражаты болгон Skype, Viber мессенжерлери такыр иштебей калды.

Эки айдан кийин интернет түйүнүн көзөмөлдөгөн «Өзбектелеком» мамлекеттик ишканасы оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын, августтун аягында баары калыбына келтириле турганын билдирген. Андан бери аталган мекеме үч жолу мындай билдирүү жасады. 3-январдагы акыркы жарыяга таянсак, интернеттин ылдамдыгы дагы эки ай бою өзгөрүүсүз калары ачыкка чыкты. Оңдоп-түзөө иштерине эмне себеп болгонун «Өзбектелеком» айткан жок.

XS
SM
MD
LG