Ссылки доступа

Тажикстандын Покруд кенинде биринчи алтын куйма даяр болду


Кытайлык CNG компаниясы Тажикстандын Покруд кенинде 3 жыл иштеп, биринчи алтын куйманы жасады.

Маалымдалгандай, аталган ишкана жылына 2 миң тоннага чейин алтын өндурүп, 2018-жылга чейин анын көлөмүн 4 миң тоннага чейин жеткирүүнү максат кылууда. Тажикстанда негизинен жылына 2,5 тонна алтын өндүрүлөт.

CNG компаниясы Тажикстанда жалгыз алтын иштетүүчү компаниялардан эмес. 2014-жылы Дүйшөмбүдө Жылуулук электр борборун курган кытай компанияларына Айни районунда жайгашкан алтын кени пайдаланууга берилген. Алтын өндүрүү Тажикстандын өнөр-жай секторунда маанилүү тармактардын бири. Азыркы учурда 15 алтын кени аныкталган. Божомол менен, аларда 400 тоннага жакын алтындын кору жатат. Кендердин көпчүлүгү республиканын түндүк жагында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG