Ссылки доступа

Орусия тажик кызды өлтүргөн аскерди экспертизадан өткөрө элек


Тажикстандык 22 жаштагы Шаира Жаббированы өлтүргөн деп күнөөлөнүп жаткан Орусиянын аскердик базасынын офицери Иван Щербаковдун экспертизасы дагы деле аяктай электиги белгилүү болду.

Мындан улам анын убактылуу абактагы мөөнөтү февралга чейин узартылды.

Декабрда Иван Щербаков Тажикстандан Екатеринбургга экспертизага жиберилген. Текшерүү январда аяктай турганы айтылган эле. Ал “атайлап адам өлтүргөн” деген беренеге ылайык айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков 5-ноябрдагы Жабборованын өлүмүнөн кийин кармалган. Маркумдун туугандары орусиялык офицер кыздын сөөгүн аскер базасынын жанындагы таштандыга ыргытып жибергенин айтышкан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги орус аскер базаларында жоокерлер тарабынан мындай окуяларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү талабы менен Орусияга кайрылган.

XS
SM
MD
LG