Ссылки доступа

БУУ Сириянын Мадайя шаарында азык-түлүк жеткирет


Азык-түлүк жана дары-дармек жүктөгөн кербен Сириянын ачарчылыкты баштан кечирип жаткан Мадайя шаарына бүгүн сапар тарта турганын Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын басма сөз катчысы Мелисса Флеминг билдирди.

Бул шаарда 40 миңдей калк жашайт.

Сириянын оппозициясы көзөмөлдөгөн Мадайя шаары Ливан менен чектеш. Өкмөттүк күчтөр менен Ливандын “Хезболла” уюму аны 2015-жылдын июлунан бери курчап турат.

Эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму калаадагы кырдаалды жүрөк өйүтөрлүк деп баалады. Азык-түлүк жок болгондуктан, жергиликтүү эл көчөдөгү жаныбарларды, чөп-чар, өсүмдүк жеп жашоого аргасыз болууда.

Аталган уюмундун маалыматы боюнча, 250 адам ачкачылыктан азып-тозгон, он жашоочуну токтоосуз эвакуациялоо зарыл.

Мадайядагы көйгөй шаардын тургундары ачарчылыктан мерт кеткени ачыкка чыккандан кийин эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган.

XS
SM
MD
LG