Ссылки доступа

Тажикстандын Иранга таарынычы жазыла элек


Тажикстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун башчысы Худойберды Холикназар тыюу салынган партия жетекчисинин Иранга чакырылышын Дүйшөмбүнү сыйлабастык катары баалады.

Бул тууралуу ал 11-январда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ирандын кадамы эки өлкөнүн мамилесине доо кетириши мүмкүн.

Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири өткөн айда Тегеранга чакырылып, исламдагы биримдик конференциясына катышкан эле. Жыйында Ирандын президенти Хасан Роухани да чыгып сүйлөгөн. Ошондон бери тажик тарап буга катуу нааразылык билдирип келүүдө. Буга байланыштуу Ирандын элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылган болчу.

Кабириге «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгени» үчүн кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

«Ислам кайра жаралуу» партиясын былтыр сентябрдын соңунда Тажикстандын Жогорку соту «террордук жана экстремисттик уюм» деп тапкан. Ага чейин анын ишине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG