Ссылки доступа

Эл аралык кризис тобу тажик бийлигин диний жана саясий эркиндикти коргоого чакырды


«Эл аралык кризис тобу» (ICG) Дүйшөмбүнү башкача оппозиция менен динаятчыларды куугуктукка алууну токтотууга чакырды.

Бул тууралуу аталган уюмдун баяндамасында айтылат. Анда президент Эмомали Рахмондун 23 жылдык башкаруусунда өлкө коррупция менен жапырт миграцияны баштан кечиргени белгиленген. Баяндаманын авторлорунун иликтөөсүнө ылайык,мамлекеттеги негизги киреше булагы катары мигранттар которгон акча жана мыйзамсыз баңгизаттары эсептелинет.Диний жана саясий оппозициянын эркиндигине катуу көзөмөл салуу, негизинен Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигине бөгөт коюу, коомдогу чыңалууну күчөтүүдө. Буга коңшу Ооганстандагы кырдаал жана ага Тажикстандын чектеш жайгашканы кошул-ташыл болууда. Уюмдун талдоочулары бийлик өлкөдөгү плюрализмди сыйлабай жатканын да жазышты.

XS
SM
MD
LG