Ссылки доступа

Кыргызстанда ар бир мектеп интернетке туташтырылат


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 12-январда Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевди кабыл алган учурда билдирди.

Өкмөт башчы өлкөдөгү сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ушул жылдын 10-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлиги жана Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча абалкы иш-чара уюштурууну тапшырды. Муну менен катар уюлдук компаниялардын калкка көрсөтүп жаткан кызмат акысы жана сапаты боюнча да текшерүү зарылдыгын айтты.

Internet Society эл аралык уюмунун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда элдин 25 пайызы Интернетке кошулган. Бирок анын 20 пайызы гана колдонуучу болуп саналат. Андагы маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч коңшу мамлекеттерге караганда аз.

XS
SM
MD
LG