Ссылки доступа

НАТО: Орусиянын көңүлүн жайгаруу үчүн ракетадан коргонуу системасы чектелбейт 


НАТОнун курамындагы мамлекеттер жана анын өнөктөштөрү Түндүк Кореядан туулган коркунучка байланыштуу ракетадан коргонуу системасын чектөө боюнча Орусиянын талабына макул эмес.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жарактарды көзөмөлдөө багытындагы жардамчысынын орун басары Фрэнк Роуз билдирди.

Анын айтуусунда, Түндүк Кореянын колунда көп сандагы баллистикалык ракета бар. Аларды сыноодон өткөрүүдө.

"Пхеньяндын ракеталары Түштүк Корея жана Жапония, андан ары Америкага жетиши мүмкүн. Коркунучтарга байланыштуу ракетадан коргонуу системасын чектебейбиз ", - деди Фрэнк Роуз.

Өткөн аптада Түндүк Кореянын суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганы жарыялангандан кийин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Пхеньянды өзөктүк жана ракета программаларын токтотууга чакырган. Дүйнө коомчулугу да Түндүк Кореяны сындап, коргонууну күчөтүү аракеттери башталган. Орусия Вашингтондун ракетадан коргонуу системасын бекемдөөниетине каршылык билдирип, эгерде Дания НАТОнун ракетадан коргонуу системасына кошулса, даниялык кемелерге өзөктүк ракета жибере турганын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG