Ссылки доступа

 Өзбекстанда доллар кескин көтөрүлдү


Жаңы жылдан тарта Өзбекстанда 1 доллардын баасы 5300дөн 6100 сумга чейин өстү.

12-январда доллардын наркы 6300 сумдан ашып кетти.

– Долларды 6100 сумга сатып алып, 6200 сумдан сатып жатабыз, - дейт “Чорсу” валюта базарынын соодагери.

Байкоочулардын божомолуна ылайык, кийинки айда “кара базарларда” доллардын куну кайрадан жогорулашы ыктымал. Дүйнөлүк базарда мунайбаасынын төмөндөшү мененөзбек сумунун куну дагы кача турганы күтүлүүдө.

КечээBrentүлгүсүндөгү мунайдын бир баррелинин баасы 31 долларданда арзандаган. Мунай баасынын ылдыйлоосу отундун бул түрүн колдонуу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Кытайдын фондулук рыногундагы туруксуздуктан улам эки жумадан бери уланууда. Бул жагдайда рублдин долларга карата баркы түшүп, Москвада бир АКШ доллары 77 рублден сатылып жатат.

Соңку жылдарда Орусиядагы эмгек мигранттар которгон акчалар өзбек сумунун таптакыр алсызданып кетишине жолтоо болгон факторлордун бири деп эсептелинүүдө.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2014-жылы Өзбекстанга мигранттар которгон акча 2 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG