Мындай маалымат Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинен алынды. Азыркы учурда түндүк аймактарда АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 1 сомго, АИ-80 – 50 тыйынга, АИ-92 - 2 сомго түшкөн. Ал эми түштүктө күйүүчү май 1 сомго, дизел отунунун наркы 2 сомго төмөндөгөн.
Мунай ташуучулар бирлиги баалардын арзандашына Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводунда оңдоо иштери аяктаганы, өндүрүштүн көбөйгөнү себеп экенин билдирүүдө. Ошондой эле суроо-талап убактылуу азайып, заводдон чыккан чийки мунайдын баасынын түшкөнү түрткү берген.
Кыргызстанда ушуну менен акыркы айларда күйүүчү майдын баасы 5 жолу арзандады.