Ссылки доступа

Жон Керри Сауд Арабстанга жан тартат


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран менен болгон пикир келишпестикте Сауд Арабстанды колдойт.

Ошол эле маалда эки тарапты жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Лондондо Сауд Арабстандын Тышкы иштер министри Абдел аль-Жубейр менен жолугушууда билдирди.

Керринин пикиринде, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөгө тийиш. Расмий Эр-Рияд Иранды Перс булуңундагы суннилердин аймагында жашаган шииттердин толкундоосуна түрткү берди деп айыптап жатканын эске салып, кандай болгон күндө да көйгөйдү дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу зарылдыгына токтолду.

Мындан мурда Жон Керри Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф менен телефон аркылуу бир нече ирет байланышып, анын натыйжасында Тегеран кармалган америкалык деңиз флотунун жоокерлеринин бошоткон.

Ошондой эле Иран өзүнүн өзөктүк программалары боюнча дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн келишимди аткарууга киришти. Муну менен Тегеранга киргизилген санкциялар алынып, өлкө миллиарддаган долларлык банк эсептерин пайдалана алат жана мунай экспортун көбөйтүүгө жол ачылмакчы.

Сауд Арабстан болсо буга каршы болууда. Ай башында Сауд Арабстанда шииттердин белгилүү динаятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин тутанган чатактан улам Эр-Рияд Иран менен дипломатиялык алакаларын токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG