Ссылки доступа

Мигранттар Орусиядан чыгып кетүүдө


Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына таянсак, Тажикстан менен Өзбекстандан барган мигранттардын өлкөдөн жапырт чыгып кеткен учурлары байкалууда.

Былтыр декабрда тажик жарандарынын саны 3,8 пайызга азайып, 862 миң 321 адамды түзгөн. Ал эми мекенине кайткан Өзбекстандын атуулдарынын саны мындан да көп. Ошол эле маалда Орусияга барган Кыргызстандын жарандарынын саны арбып, акыркы айда 2 пайызга өскөн. Расмий маалымат боюнча, ушул тапта 554 минге жакындады. Бирок, такталбаган кабарларда алардын саны мындан эки эсе жогору экени айтылып жүрөт.

2015-жылдын 1-январынан тартып Орусия менен визасыз эреже киргизилген мамлекеттердин жарандары патенттин негизинде гана иштөөсү керек деген жобо кабыл алынган. Эгер өз убагында патент төлөнбөсө, мигранттар административдик айыпка жыгылып, Орусиядан чыгарылышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG