Ссылки доступа

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аткаминери пара менен кармалды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук чукул абалдарды жөнгө салуу базасынын башчысы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө пара берген учурда колго түштү.

Бул тууралуу коопсуздук комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кармалган аткаминер атайын кызматтын өкүлүнө 9 миллион сомдон ашык сатып алууларды текшерүү учурунда ачыкка чыккан мыйзам бузууну жаап-жашыруу үчүн 40 миң сом пара сунуштаган.

15-январда анын 35 миң сомун берип жаткан жеринен кармалды. Азыр кылмыш иши козголуп, Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG