Ссылки доступа

Чечен парламентинин башчысы орусиялык оппозициячыларды опузалады


Буга чейин Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров орус оппозиция өкүлдөрүн эл душмандары жана чыккынчылар деп атаган.

Азыр болсо парламенттин төрагасы Магомед Даудов “Инстаграм” түйүнүндө Рамзан Кадыровдун Тарзан аттуу итине байланыштуу пикир калтырды. Анда Тарзан “чет элдик иттерди абдан жаман көрөт”, “өзгөчө аз убакыт мурун эле ээсинин катуу көзөмөлүндө болгондорду жектейт” деп жазылган. Ошондой эле Тарзан чыдамкай экени, анткен менен сабырдын да чеги болору, азыркы тапта оң колунун ачуусун сол колу менен басып, өзүн араң кармап жатканы айтылган. Анын бул билдирүүсү оппозициячыларды коркутуу, кыйытуу катары бааланууда.

Буга чейин Даудов "Грозный-Информ" маалыматтык агенттигине берген маегинде, “Жаан” телеканалын жана “Москва жаңырыгы” үналгысын “бешинчи колоннанын душман штаб-үйлөрү” деп атап, бийликке каршы чыккан саясатчылар менен коомдук ишмерлерди улут аралык араздашууну козутту деп күнөөлөгөн.

Мындан тышкары президент Рамзан Кадыровдун оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрүн “чыккынчылар”, “эл душманы” катары сыпаттаганын, аларды жазалап, соттоого чакырыгын кубаттай турганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG