Ссылки доступа

Тажик Жогорку Соту былтыркы козголоң үчүн күч түзүмдөрүн айыптады


Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермахмад Шохиён өлкөнүн укук коргоо органдарын былтыр сентябрдагы коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзода жетектеген козголоңго туруштук бере албагандыгы үчүн күнөөлөп, жоопкерчиликсиз мамиле жасаганын айтып чыкты.

Шохиён белгилегендей, тажик өкмөтү шалаакылык мамиле үчүн жооптуу кызматкерлерине чара көрдү. Тергөө учурунда козголоңго өлкөдө тыюу салынган Ислам кайрадан жаралуу партиясынын башчысы Мухиддин Кабири жана анын мүчөлөрүнүн тиешеси бардыгы аныкталган. Шохиён маалыматына ылайык, Назарзода жетектеген козголоңду Мухиддин Кабири каржылаган. Бул окуя боюнча иш Жогорку сотко келип, аталган партиянын өкүлдөрү боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG