Ссылки доступа

 Вашингтондо өзбек-америка саясий кеңешмеси башталууда


Бүгүндөн тартып 21-январга чейин Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү АКШнын аткаминерлери менен жолугушат.

Өзбек делегациясы Американын Мамлекеттик департаменти жана башка мекемелерде эки тараптуу кездешүүлөрдү да өткөрүшөт. Анда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөшүү, Ооганстандагы кырдаал, эл аралык террорчулукка бөгөт коюуда өз ара кызматташтык маселелери ортого салынмакчы.

Бул жолугушууларды утурлай Human Rights Watchукук коргоо уюму Өзбекстандагы саясий туткундарга жасалган мамиле абдан катаалдашып кеткенин жарыялап, буга байланыштуу расмий Вашингтонду өзбек бийлигине эскертүү берүүгө чакырды.

АКШ Мамлекеттик департаментинин жылдык баяндамасында да Өзбекстанда адам укугунун бузулушу эске салынган. Бирок, Ак үй эреже бузууларга каршы чаралардын ордуна сүйлөшүү саясатын тандаганы айтылат Human Rights Watch бирикмесинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG