Ссылки доступа

Кыргызстанда ак илбирстин атылышына нааразылык күчөдү


Кыргыз коомчулугунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарды жазалоону катаалдаштыруу талабы коюлууда.

Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө нааразы пикирлер көп айтыла баштады. Сейрек кездешүүчү жаныбарды аткан акыркы учур Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда катталган.

Окуя 16-январда Сырт өрөөнүндөгү Көөлүү жайытында болгон. Кыргызстандын "Кызыл китебине" кирген ак илбирсти атканы үчүн Теплоключенка айылынын 48 жаштагы тургуну Аскарбек Каранаев кармалды. Ал жаныбарды өзүнө тиешелүү карабин сайлуу ок атуучу курал менен атып, териси жана башын алып келе жаткан жеринен колго түшкөн. Кылмыш иш 278-берененин негизинде козголду. Убактылуу камакка алынган Каранаев күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бирок ал илбирсти карышкыр экен деп атып алганын айтууда. Буга чейин бул мергенчи Теплоключенка айылынын жайыт комитетин жетектеп, бошогонуна эки ай болгон. Эми жарым миллион сом айып пул төлөп же эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча Кыргызстанды байырлаган ак илбирстердин саны 200гө жакын. Аларды коргоо боюнча бир нече эл аралык долбоорлор иштейт. Айрымдарын дүйнөгө белгилүү актер Леонардо Ди Каприо каржылайт.

XS
SM
MD
LG