Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу “жихадчы Жондун” өлүмүн бышыктады


“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунда “Жихадчы Жон” деп таанылган британиялык согушкер Мухаммед Эмвази каза болгонун аталган топ бышыктады.

Эмвази бир канча чет элдик кишилерди мууздаган видеотасмалар аркылуу белгилүү болчу.

Террордук уюмдардын ишмердигине байкоо салган SITE тобу экстремисттер тараткан кабарга таянып билдиргиндей, ал 2015-жылдын ноябрь айында Ракка шаарында учкучсуз учактын чабуулунан мерт кеткен. Анын өлүмү тууралуу былтыр күзүндө тастыкталбаган маалымат тараган болчу.

Жарандыгы британиялык “Жихадчы Жон” Кувейттин тургуну. Ал экстремисттердин колуна түшкөн бир топ чет элдиктерди мууздап, бийликтерди опузалаган.

XS
SM
MD
LG