Анын билдирүүсүндө, каатчылыктын кесепетинен, ошондой элеэкспорттун азайышына байланыштуу былтыр айлык жана пенсияларды көтөрүү боюнча убада аткарылбай калган. Бирок, калктын жашоо-тиричилигин жакшыртуу өкмөттүн маанилүү милдеттерине кирет.
Июлдан тартып мамлекеттик башкаруу мекемелери 15 пайыз, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү 20 пайыз, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери 25 пайызга көбөйтүлгөн айлык ала баштайт.