Ссылки доступа

 Өзбекстанда белгилүү баяндамачылар эфирден алынды


Көпчүлүккө таанымал комментаторлор Зафар жана Диёр Имомхожоевдер эфирден четтетилди. Алардын «Соккер клуб» жана “Футбол сереби” аттуу программалары дагы эми көгүлтүр ободон көрсөтүлбөйт.

Буга “Соккер клуб” программасында футболдук оюндар тууралуу макулдашуулардын тегерегиндеги жемкордук фактыларынын ашкере болушу «Спорт» телеканалынын жетекчилигине жакпай калганы себеп экени айтылууда. Зафар менен Диёр Имомхожоевдер менен бирге дагы башка кызматкерлер жумуштан айдалды.

Аталган каналдын атын атагысы келбеген өкүлү билдиргендей, спорттук баяндамачылар футболчу Миржалал Касымовго жан тартты, анын тобунун курамында деп айыпталган. Жетекчилик алардын Өзбекстан курама командасына Миржалол Касымовду кайтадан алып келүүнү көздөп жатканын айткан. Ал эми Имомхожоевдер футболчу менен үй-бүлөлүк алакасы бар экенин моюнга алышып, анын тобунда деген күнөөнү четке кагышrкан. Окуянын артында Өзбекстан курама командасынын машыктыруучусу Бабаян турушу мүмкүндүгү болжолдонууда. Диёр Имомхожоевдин «Соккер клуб» программасы акыркы жолу былтыр 1-декабрда ободон кеткен.

XS
SM
MD
LG