Ссылки доступа

Сирия боюнча сүйлөшүүлөр кийинки айда болот


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Цюрихтеги жолугушуусунда айтылды.

Алар эл аралык коомчулуктун ортомчулугу менен Сириянын өкмөтү жана оппозициялык топтордун жолугушуусу ар кандай пикир келишпестиктерге карабай кийинки айдабаштала турганын жарыялашты. Тараптар оппозицияга ким өкүл болушу керектиги тууралуу маселеде мунаса таба албай жатат.

Сергей Лавров Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоо зарылдыгына токтолду.

Бул багыттагы алдын ала кеңешмелер 25-январга белгиленди. Андан кийин бийлик менен оппозиция кайсы күнү жолугушары тууралуу макулдашуу Бириккен улуттар уюмуна жиберилип, акыркы чечимди Баш катчы Пан Ги Мун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын көмөгү менен кабыл алат. 18-январда БУУ дүйнөлүк державалар, анын ичинде Орусия менен Америка Сирия оппозициясына өкүл болуу боюнча бир пикир табууга тийиш экенин жарыялаган.

Сирия чатагында Москва Башар Асаддын бийлигин, Вашингтон оппозицияны колдоп келет.

XS
SM
MD
LG