Ссылки доступа

Кыргызстан денонсация үчүн Орусияга 37 миллион доллар компенсация төлөйт


Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Нурлан Садыков шаршембиде парламент жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө келишимди бир тараптуу жокко чыгарганы үчүн Орусияга 37 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттүү. Тиешелүү жобо эки тарап түзгөн келишимде камтылган. 2013-жылдан тартып Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна 37 миллион доллар сарпталганы айтылууда.

Анткен менен айрым эл өкүлдөрү иш жүзүндө мындай каражат кеткенинен күмөн санап жатышат. Жогорку Кеңеш Орусия менен макулдашууну денонсациялоо тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун үч окууда тең бир добуштан колдоп берди. Добуш берүүгө катышкан 97 депутаттын баары ага макул болду.

Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкекте кол коюлган. Кыргызстан өз милдетин толук аткарганы менен, орус тарап мөөнөтүнөн кечиккенине байланыштуу бир тараптуу жокко чыгаруу бүтүмү кабыл алынган.

Мыйзам долбоору эми президенттин кароосуна жолдонот.

XS
SM
MD
LG