Украинадагы Өзбекстандын элчилиги билдиргендей, эки жаатка бөлүнүп, салгылашып жаткан өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин катарында өзбекстандыктардын да бар экени аныкталды. Бирок, алардын так саны белгисиз.
Өзбек бийлиги өлкөнүн Кылмыш кодексинин 154-беренесинде чет мамлекеттерде куралдуу чыр-чатактар менен согуштук аракеттерге жалданып барууга жана катышууга тыюу салынган. Мындай кадамга барган жарандар катуу жазага тартылып, он жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.