Ссылки доступа

Өзбекстанда социалдык тармактарга тыюу салуу маселеси көтөрүлдү


Мындай сунушту өкмөттүн алдындагы “Камолот” жаштар кыймылы берүүдө.

“Камолот” кыймылы социалдык тармактар “жаштар арасында бузуку идеялардын таралышына жол ачып жатат” деген негизди карманып жатат. Өзбекстанда Facebook, Telegram, “Одноклассники” сыяктуу желелерди жабуу сунушу бийликке жолдонду. Бул демилгеде экстремисттик уюмдардын иш-аракеттери интернет аркылуу тарап жатканы, социалдык тармактарда атайын топ радикал идеяларды жайылтуу менен алектенери айтылат.

Эгер сунуш колдоо тапса, Telegram, WhatsApp сыяктуу мессенжерлер, Instаgram, Facebook, “Одноклассники” cоциалдык желелер жабылышы ыктымал. Азыр анын техникалык жагы каралып жатат.

Бул мамлекетте жарым жылдан бери Skype иштебейт.

XS
SM
MD
LG