Ссылки доступа

Борбор Азия “кооптуу чөлкөмдөрдүн” тизмесине кирди


АКШнын президенттигине талапкер, Кентукки штатынын сенатору,республикачыл Рэнд Пол террорчулар чыккан “коркунучтуу аймактардын” тизмеси камтылганмыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Journal Star басылмасы жазгандай, «Коопсуздук акты» деп аталган документте Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин жарандарына АКШда виза берүү мөөнөтүн 30 күнгө узартуу жана дыкат текшерүү сунушталган.

Ошол эле маалда Мамлекеттик департамент “кооптуу мамлекеттерден” көчүп кетүүгө мажбур болгондорду кабыл алууга мораторий да жарыялай алат.

Кооптуу делген мамлекеттердин катарына Ооганстан, Алжир, Бахрейн, Бангладеш, Мисир, Эритрея, Индонезия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кувейт, Ливан, Ливия, Мали, Марокко, Нигерия, Түндүк Корея, Оман, Пакистан, Катар, Сауд Арабстан,Сомали, Судан, Сирия, Тунис, Түркия, Бириккен Араб Эмираты, Өзбекстан, Йемен жана Палестина кирген.

XS
SM
MD
LG