Ссылки доступа

Кыргызстанда президент ГЭС макулдашуусун денонсациялады


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрүнүн ортосунда ГЭС куруу тууралуу кабыл алынган макулдашууларын денонсациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.

Кыргыз тарап өз милдетин толук аткарып, бирок Орусия жактан иш жылбай жатканын айтып, макулдашуудан чыгууну чечкен.

Мыйзам долбоору парламентте 20-январда жактырылган. Эми дипломатиялык каналдар аркылуу документ алмашуу жараяны өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG