Welt am Sonntag өз булактарына таянып, билдиргенине караганда, булар Германия, Австрия, Дания, Бельгия жана Швеция өлкөлөрү. Чек ара көзөмөлүн улантуу боюнча юридикалык иштер 25-январда Амстердамда өтчү Евбробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында сунушталары күтүлүүдө.
Эгер жаңы чаралар кабыл алынса, 2016-жылы май айында чек ара көзөмөлүн алууга тийиш болгон Германия аны дагы бир жарым жылга узарта аларын “Немис толкуну” билдирди.
Ошол эле учурда Австриянын өкүлү Йоханна Микль-Ляйтнер Грецияны убактысынча Шенген аймагынан чыгара турууну сунуштады.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Евробиримдикке мигранттардын агылышынан улам, биримдиктин ичиндеги чек араны көзөмөлдөө зарылчылыгы келип чыккан.