Ссылки доступа

ИМ тобу Париждеги жардырууларга катышкандар тууралуу видео таратты


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ Париждеги кандуу окуялардын катышуучулары болушу ыктымал делген тогуз киши тартылган видеотасманы жарыялады.

Экстремисттик топко тиешелүү сайттардын бирине онлайн түрүндө жайгаштырылган видеодо бул адамдар ИМге каршы коалициянын өкүлдөрүн, анын ичинде Улуу Британияны опузалаган. Ошондой эле алар Париждеги кол салуулар болгон жерлерди атап беришкен.

Божомолдор боюнча, видео Сирияда же Иракта Париж окуясынан мурун тартылган. Анда төрт бельгиялык, үч франциялык жана эки ирактык адам арабча, француз тилинде сүйлөгөн. Алардын Париждеги кол салууларга тиешеси бардыгы жоромолдонуп жатат. Видеодо жихадчылардын айрымдары камера алдында туткундардын башын алып, атып өлтүрүп жатканы да көрсөтүлгөн. Франциянын башкалаасындагы өткөн жылдын ноябрында болгон кол салуулар жана жардыруулар 130 кишинин өмүрүн алган эле. Аны уюштургандардын тогузу жок кылынып, экөө издөөдө.

XS
SM
MD
LG